Европада Гадоевдин 72 жаштагы апасы Ойшамо Абдуллоева дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кетиши керек болчу.
Абдуллоева "Озоди" радиосуна чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт алганын, бирок үч күндөн кийин укук коргоо кызматкерлери келип, "ката кеткен" деген шылтоо менен документин тартып алышканын билдирди.
Бийлик бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
"Эки күндөн кийин жаңы паспорт даяр болот, келип алып кетесиңер дешкен, бирок 17 күндөн кийин документ алганы барсам, "паспорт бербегиле" деген көрсөтмө түшкөнүн айтышты", - деди Абдуллоева.
Чет элдик паспорттор берилген Фархор районунун ички иштер бөлүмү "Озодинин" чалууларына жооп берген жок.
Шарофиддин Гадоев бийликтин бул аракетин өзүнө кысым көрсөтүү катары баалайт. Анын айтымында, буга чейин апасынын үйүндө электр жарыгы өчүрүлүп, ал бир нече жолу укук коргоо органдарына чакырылып, суракка алынган.
Шарофиддин Гадоев 2012-жылга чейин Тажикстанда бизнес менен алектенген. Кийинчерээк ал бизнесин тажик президенти Эмомали Рахмондун жакындары тартып алганын жана ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. 2019-жылы ЖМКлар аны күч органдары Орусияда кармап, Тажикстанга алып кетишкенин, бирок кийин Нидерланддын өтүнүчү менен кое берилгенин жазышкан. Оппозициячынын Нидерландда жашоого уруксаты бар.
Шарофиддин Гадоев "Группа 24" уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Азыр ал "Тажикстанды реформалоо жана өнүктүрүү" кыймылын жетектейт, ошондой эле Тажикстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган чет өлкөдөгү оппозициялык топтордун коалициясы болгон Улуттук альянстын жетекчисинин орун басары.