Ссылки доступа

Ташкентте 6 жашар балага сексуалдык зомбулук көрсөткөн киши 16 жылга соттолду


15-февралда Чиланзар райондук сотунда 6 жашар балага карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыш жасады делген жаранга сот өкүмү чыкты.

Соттолуучу Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Он төрт жашка чыга элек адамга карата сексуалдык муктаждыгын табигый эмес түрдө канаатандыруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды.

Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт.

Өзбекстандын Балдар акыйкатчысынын басма сөз кызматы белгилегендей, бул категориядагы кылмыштар үчүн жеңилдетүү чаралары колдонулбай, жаза толугу менен өтөлөт.

XS
SM
MD
LG