Ссылки доступа

Алматыда каракалпакстандык активист Акылбек Муртбай кармалды


Алматыда каракалпакстандык активист Акылбек Муратбай кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы укук коргоочуларга шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, активистти кармоого Өзбекстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлдөрү да катышкан.

Муратбай өзү 15-февраль күнү кечинде "Х" социалдык түйүнүндөгү баракчасына үйүнө ИИМдин кызматкерлери келгенин жазган. Учурда аны менен эч кандай байланыш жок.

Башкы кеңсеси Вена шаарында жайгашкан Freedom for Eurasia ("Евразия үчүн эркиндик") укук коргоо уюму Акылбай Муратбай өзбек бийлигинин өтүнүчү менен кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, активист "Коомдук тартип менен коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, сактоо жана жайылтуу", ошондой эле "Конституциялык түзүлүшкө кол салуу" беренелери боюнча айыпталууда. Аны кармоого Өзбекстан ИИМинин кызматкери Мухамедин Баймурзаев да катышкан.

Азырынча бийлик Акылбек Муратбайдын кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Активистти 15-февраль күнү кечинде ИИИдин штаттык кийимчен эки кызматкери кармап кетишкен. Көп өтпөй ал сүйлөшкөн кызына телефон чалып, аны "Каракалпакстан маселеси боюнча Өзбекстандын өтүнүчү менен кармап", полиция департаментине жеткиришкенин айткан.

XS
SM
MD
LG