"Казакстандын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн автотранспорт менен тоок жумурткаларын ташып келүүгө алты айга тыюу салынсын", — деп жазылган документте.
Статистикага ылайык, 2024-жылдын 1-январына карата Казакстанда 56,5 миллион тоок катталды, бул өткөн мезгилге салыштырмалуу 13,8 пайызга көп.
2023-жылы өлкөдө 4,9 миллиард даана жумуртка өндүрүлгөн (2022-жылы бул көрсөткүч 5 миллиард даананы түзгөн).
Өкмөттүн негиздемесинде жеке өндүрүш аркылуу ички базарды канааттандыруу 98% түзгөнү белгиленген.
Документ 1-мартка чейин коомдук талкууда болот.
ЕАЭБге беш өлкө мүчө: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия.
Былтыр ноябрь айында "Аграрный сектор" агрардык журналы Казакстанда жумуртка өндүрүү дээрлик эки пайызга төмөндөп, бир жыл ичинде баалар 14 пайызга кымбаттаганын жазган.