Ссылки доступа

Каракалпак активисти Акылбек Муратов жапырт башаламандыкка чакырууга айыпталууда

Казакстандагы каракалпак диаспорасынын лидери, өзбек бийлигинин өтүнүчү менен Алматыда кармалган Акылбек Муратов жапырт баш аламандыкка байланыштуу эки берене боюнча шектелүүдө.

Бул тууралуу “Азаттыкка” активисттин эжеси Фариза Нарбекова билдирди.

Соттун өкүмүнө ылайык, "Акылбек Муратов массалык маалымат каражаттарын, телекоммуникация түйүндөрүн, интернетти, ошондой эле тексттерди басып чыгаруунун башка каражаттарын пайдалануу менен жапырт баш аламандыкка жана жарандарга зомбулук көрсөтүүгө ачык чакырык жасоого, мындан тышкары коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо, жайылтуу же көрсөтүүгө" шектелүүдө.

Казакстанда каракалпак активисти Акылбек Муратов (Акылбек Муратбай) 16-февралда кармалган.

Акылбек Муратбай Алматыдагы каракалпак диаспорасынын башчыларынын бири катары белгилүү, ал каракалпак активисттеринин укугун коргоо менен алектенип келген.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

​
XS
SM
MD
LG