Ссылки доступа

Өзбекстанда балдардын мектепке баруу маселесин Улуттук гвардия көзөмөлдөйт


Улуттук гвардиянын офицери Өзбекстандагы мектептердин биринде. Сүрөт Улуттук гвардиянын расмий сайтынан алынды
Улуттук гвардиянын офицери Өзбекстандагы мектептердин биринде. Сүрөт Улуттук гвардиянын расмий сайтынан алынды

Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын кызматкерлери эксперимент катары балдар сабактарга ырааттуу барбаган 1000 мектепте рейд өткөрүштү.

Президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө кийим-кечеге, окуу куралдарына же жол киреге акчанын тартыштыгы, ошондой эле мектептеги мугалимдердин жетишсиздиги балдардын мектепке барбай калышынын негизги себептери экени аныкталган.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Улуттук гвардия рейд жүргүзүлгөн 1000 мектептеги көйгөйлөрдү чечүү менен алектенүүдө.

Мындан ары Улуттук гвардиянын кызматкерлери балдарын мектепке жибербеген ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пулга жыгыларын эскертип турушат.

Адистер мындай маселе өлкөдөгү 10 миңден ашуун мектептин көпчүлүгүнө мүнөздүү экенин, кышында окуучулардын сабактарга барбай жатканынын дагы бир себеби мектептерде жылуулуктун жоктугу экенин айтууда.

Активисттер билим берүү тармагындагы маселени аскер түзүмдөрдүн катышуусунда жана күч колдонуу менен чечүү аракети оң натыйжа береринен күмөн санашат.

Расмий маалыматтарга караганда, мектеп окуучуларынын билимин жана маданиятын оңдоо жараянына Улуттук гвардиянын кызматкерлерин тартуу демилгеси президент Шавкат Мирзиёевге таандык.

Мирзиёев 5-февралдагы жыйында мектептердеги инспектор-психологдордун штатын Ички иштер министрлигинен Улуттук гвардияга өткөрүп жатканын билдирген.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Өзбекстанда мектепке такай барбаган 50 миң бала бар.

Буга чейин Өзбекстанда балдардын мектепке ырааттуу баруусу маселесин Ички иштер министрлиги менен прокуратура да чечүүгө аракет жасап келген.

Расмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда 10 миң 284 мектепте 6 миллион 300 миң бала билим алат.

XS
SM
MD
LG