"Бир нече күн мурда БУУнун Нью-Йорктогу кеңсесинде Казакстандын өкмөтү менен БУУнун ортосунда "Голан дөңсөөлөрүндөгү БУУнун байкоочу күчтөрүнүн (SONNR) миссиясына тынчтык орнотуучу контингент жөнөтүү тууралуу" өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду", – деп жазылган мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, казакстандык контингент 139 аскер кызматкеринен турат жана алардын негизги милдети – "БУУ миссиясынын мандатына ылайык, каршылашкан тараптардын ортосундагы ок атышпоо режиминин сакталышына көз салуу".
Казакстандык контингент тиешелүү окутуулардан өтүп, БУУнун стандартындагы бардык керектүү заманбап курал-жарак жана техникалар менен камсыз кылынган.
Буга чейин Казакстан бийлиги БУУнун Голан дөңсөөлөрүндөгү, Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы бейпилдик миссияларына 430 аскер жөнөтөрүн билдирген.
Голан дөңсөөлөрү 1967-жылга чейин Сириянын бөлүгү катары саналчу. Ошол жылкы алты күндүк согуштан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн. 1981-жылы Израилдин парламенти аны өз өлкөсүнүн жери катары жарыялаган мыйзам кабыл алган. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңеши бул чечимди тааныган эмес. Дүйнөлүк уюм Голан дөңсөөлөрүнүн аннексиясын мыйзамсыз деп таап, аймакты Сирияга кайтарып берүүгө чакырып келет. 2018-жылы Сириядагы жарандык согуштан кийин бул дөңсөөлөрдүн бир бөлүгү козголоңчулардын көзөмөлүнө өткөн, азыр ал аймакты Сириянын армиясы ээледи.