Ссылки доступа

Өзбекстан: курулуш аянтында үч индиялык жаран мерт кетти


Ташкент облусунун Алмалык шаарында курулуп жаткан жезди кайра иштетүүчү заводдун металл конструкцияларынын урашынан 3 адам каза болуп, 29 адам жаракат алды.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, алардын баары курулушка катышкан Индиянын жарандары.

Министрлик окуяны "кырсык" деп мүнөздөдү. Расмий түрдө 32 адам жабыркаган. Алардын үчөө ошол жерден каза болгон. Калган 29 адам ооруканага жеткирилген. Төртүнө биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканадан чыгууга уруксат берилген.

Учурда окуянын чоо-жайы жана себептери такталууда.

"Газета.уз" маалымдагандай, Алмалык тоо-металлургиялык комбинатынын курамында жез байытуу фабрикасы курулууда. Курушулту Enter Engineering жана Орусиянын "Уралмашзавод" ишканасы жүргүзүүдө. Долбоордун наркы 2 миллиард сумду түзөт.

XS
SM
MD
LG