Жакында эле Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун адиси буга тынчсыздануусун билдирип, насыялардын үстөк пайызы менен банктык кызматтардын акысынын жогорулашы карапайым эл менен ишкерлерге өтө ооручулук жаратып жатканын айткан.
Улуттук банктын жетекчиси Фирдавс Талибзода өткөн аптада өткөн маалымат жыйынында бул кооптонууларга жооп берип жатып, учурда насыялардын орточо үстөк пайызы 23% түзгөнүн, аны төмөндөтүү аракетин көрүп жатканын кабарлаган.
" Банктардын да чыгашалары бар экенин эске алуу керек. Чет өлкөдөн келген акчалардын чыгашасы бар. Мунун баарын эске алуу менен насыянын пайыздык чен аныкталат, бирок жалпысынан карасаңыз, төмөндөө тенденциясын көрүүгө болот”, - деди Фирдавс Талибзода.
Ал 2017-жылы, же 2018-жылы насыялардын орточо үстөгү 28 пайызды түзсө, 2023-жылы 23 пайызга чейин төмөндөгөнүн кошумчалады.