Ссылки доступа

Казак бийлиги: калкты түштүктөн түндүккө көчүрүү программасы натыйжа берген жок


Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашымбаев өкмөттүк саатта өлкөдө 2017-жылдан бери иштеп келе жаткан түштүктөн түндүккө ыктыярдуу көчүрүү программасы тиешелүү натыйжа бере электигин билдирди.

«Белгилей кетчү нерсе, айрым аймактарда социалдык-демографиялык жана экономикалык дисбаланстын сакталышы көйгөй болуп жатат. Бүгүнкү күндө түштүк, батыш аймактарда жана мегаполистерде калктын саны кыйла көбөйүүдө. Түндүк аймактарда тескерисинче, төмөндөө тенденциясы байкалууда. Буга байланыштуу түштүктөн түндүккө өз ыктыяры менен көчүрүү программасы күтүлгөн натыйжаны бербегенин моюнга алуу керек», — деди Ашымбаев.

Ал Сенатта каралып жаткан жаңы миграциялык мыйзам жумуш күчүнүн мобилдүүлүгүн жогорулатарын жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

Расмий маалымат боюнча, 2023-жылы түндүккө 9 миңге чукул адам, ал эми 2022-жылы 8 миңдей адам көчкөн.

XS
SM
MD
LG