Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 20-февраль күнү болгон. Калың кардын кесепетинен Ташкент облусунун Алмалык шаарындагы жезди кайра иштетүүчү фабриканын курулушунда темир конструкциялар урап түшкөн.
Окуянын кесепетинен курулуш компаниясынын 32 жумушчусу – баары Индиянын жарандары жабыркап, алардын үчөө набыт болуп, 29у ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.
Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул окуяны "кырсык" деп баалады.
Заводдун курулушун Enter Engineering жана орусиялык "Уралмашзавод" компаниясы жүргүзүүдө. Долбоордун баасы 2 миллиард сумду (160 миң АКШ доллары) түзөт.