Ссылки доступа

БУУ Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү убактылуу токтотту


БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Газа тилкесинде азык-түлүк таратууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу программанын жетекчиси Синди Маккейн билдирди.

Буга аймак тургундарын талап-тоноочулугу жана программанын кызматкерлерине кол салуу фактылары себеп болгон.

Программанын билдирүүсүндө өткөн жекшембиде Вади Газа көзөмөл-өткөрмө бекетинде качкындарга тамак-аш жеткирип бараткан жүк ташуучу унаалар талоончулардын курчоосунда калганы айтылат. Алар ок чыгарышкан. Дүйшөмбү күнү сектордун түндүгүнө азык-түлүк ташыган дагы бир унаа кербени токтотулуп, тонолгон. Айдоочулардын бири сабалган. Кызматкерлер тамак-аш таратып жаткан жерлерде да кагылышуулар болуп жатат, деп белгиленет билдирүүдө.

Натыйжада БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы секторго азык-түлүк жардамын жеткирүүнү убактылуу токтотууну чечти. Анткени уюм ал өз кызматкерлеринин да, бекер тамак-аш алууга келгендердин да коопсуздугун камсыздай албайт. БУУ гуманитардык жардам жеткирүүнү мүмкүн болушунча тезирээк жана коопсуз жол менен калыбына келтирүү жолдорун издей турганын убада кылды. Бул үчүн Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына азык-түлүк жардамынын көлөмүн кыйла көбөйтүү, чек араларда кошумча өткөрүү пункттарын ачуу, коопсуздукту турукташтыруу зарыл.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Газа тилкесиндеги жана Иордан дарыясынын Батыш жээкгиндеги 1,4 миллионго жакын палестиналыктарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Жардам акчалай жөлөкпул жана бекер азык-түлүктөрдөн турат.

XS
SM
MD
LG