Ссылки доступа

HRW: Тажикстан трансулуттук репрессия боюнча алдыңкы тизмеге кирди


Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун жаңы баяндамасында Тажикстан өкмөтү бийликти сындагандарды улуттар аралык куугунтукка алган өлкөлөрдүн сап башына киргизилген.

“Биз сени табабыз” деп аталган баяндама 22-февралда жарыяланды. Анда трансулуттук куунтук жүгүзүп жаткан 20 өлкөдөгү көйгөйлөр көтөрүлгөн.

Руанда, Камбоджа, Сауд Арабиясы, Кытай, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөр менен катар Тажикстан да бийликти сындагандардын өзүнө да, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да репрессияларды колдонгон мамлекеттердин катарына кирген.

Баяндамада дүйнө жүзү боюнча трансулуттук репрессиялардын 100дөн ашык учуру камтылган. Авторлор трансулуттук репрессиянын ыкмаларына киши өлтүрүү, өлкөдөн күч менен чыгаруу, уурдоо, жакындарына кол салуу кирерин белгилешет.

HRW уюмунун баяндамасы Freedom House уюмунун “Жаңы маалыматтар: дүйнөдөгү өкмөттөрдүн 20 пайыздан ашыгы трансулуттук репрессияларга катышкан” деген изилдөөсүнөн бир жумадан кийин чыкты.

XS
SM
MD
LG