Ссылки доступа

Ташкент кайрадан абасы кир шаарлардын сап башына чыкты


22-февраль күнү саат 11:30га карата Ташкент дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын рейтингинде кайрадан биринчи орунга чыкты.

IQAir порталынын маалыматына караганда, Ташкенттин абасындагы зыяндуу PM2.5 бөлүкчөлөрү 99,5 мкг/м3 түздү. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган нормадан 19,9 эсе жогору.

Абасы кир шаарлардын рейтингинде Ташкенттен кийин Индиянын Дели жана Пакистандын Лахор шаарлары жайгашкан.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстандын баш калаасы Астана тогузунчу, Кыргызстандын борбору Бишкек шаары 19чу орунга жайгашкан.

XS
SM
MD
LG