Ссылки доступа

Тажикстан "Талибандан" "Ансорулло" тобун жоюуну өтүнүүдө


Швейцариядагы "Глобалдык көйгөйлөр боюнча изилдөө институту" (Swiss Institute for Global Affairs - SIGA) Тажикстандын өкмөтү менен "Талибандын" ортосундагы жашыруун сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыктады.

Институттун маалыматына ылайык, "Талибан" кыймылы тажик тараптын өтүнүчү менен Ооганстандагы "Ансорулло" жамааты менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болууда. Душанбедеги өкмөттү кабыл албай келген куралдуу уюм негизинен Тажикстандын жарандарынан турат жана Оогунастандын аймагында жайгашкан.

Маалыматка караганда, Тажикстандын расмий өкүлдөрү менен Ооганстандын азыркы башкаруучуларынын ортосундагы биринчи жолугушуу 2023-жылы 8-ноябрда өткөн. Бул жолугушууда тажик тарап алгач "Ансоруллонун" мүчөлөрүн экстрадициялоонү өтүнгөн, бирок жолугушуунун соңунда эки тарап тең "Талибан" Тажикстан менен "Ансуроллонун" өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурууга көмөктөшөт деген жыйынтыкка келишкен.

SIGA белгилегендей, "Талибан" менен "Ансоруллонун" алгачкы жолугушуусу 2023-жылы декабрда, экинчиси 2024-жылы январда өткөн. Анда "Ансорулло" өкүлдөрү Тажикстан менен сүйлөшүүлөргө барууга караманча каршы болуп, бир нече сааттан кийин өз позициясын бир аз жумшарткан. Алар Тажикстан менен сүйлөшүүлөргө барууга даяр экенин билдирип, бирок бир нече шарт коюшкан: Ислам мамлекетин түзүү, Тажикстандан орус аскерлерин чыгаруу, "Ансоруллонун" тажик түрмөлөрүндөгү мүчөлөрүн бошотуу жана ислам медреселерин ачуу. Бирок сүйлөшүүлөрдүн аягында "Ансорулло" бир гана шарт коймок болгон. Ал орус аскерлерин Тажикстандан чыгаруу.

"Ансоруллого" жакындыгы бар булактын SIGA институтуна билдиргенине караганда, уюмдун мүчөлөрү Тажикстандын өкмөтү менен элдешүүдөн баш тартышкан. "Талибан" кыймылындагы экинчи булактын пикиринде, тараптардын "элдешүү аракеттери олуттуу болушу мүмкүн эмес".

"Ансорулло" жамаатын Тажикстандын жараны Амриддин Табаров түзгөн. Ал 1997-жылы тынчтык келишиминин шарттарын кабыл алуудан баш тарткан оппозициялык күчтөрдүн мурдагы командири. Тажикстанда жарандык согуш аяктагандан кийин Табаров Ооганстанга кеткен. Сегиз жыл мурда анын каза болгону кабарланган.

Буга чейин Тажикстандын бийлиги "Ансоруллонун" Ооганстандагы мүчөлөрүнүн саны 200-300 миңге жетиши мүмкүн экенин билдирген. Бул өлкөдө бийликке "Талибан" кыймылы келгенден кийин алар ооган-тажик чек арасындагы айрым тилкелерге жайгаштырылганы тууралуу маалымат тараган.

XS
SM
MD
LG