Ссылки доступа

"КазМунайГаз" West Oil Software жумушчуларын иш таштоону токтотууга чакырды


West Oil Software компаниясынын жумушчуларынын иш таштоо акциясы. 15-декабрь 2023-жыл
West Oil Software компаниясынын жумушчуларынын иш таштоо акциясы. 15-декабрь 2023-жыл

"КазМунайГаз" West Oil Software компаниясынын жумушчуларын иш таштоону токтотуп, "маселени конструктивдүү диалог аркылуу" чечүүгө чакырды.

"Узакка созулган иш таштоо West Oil Software компаниясына жана "Маңгыстаумунайгаз" акционердик коомуна олуттуу зыян алып келди. Бүгүнкү күнгө карата келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 млрд. 320 миллион теңгеге ($708 миң) жетти. Бул өндүрүшкө жана буйрутма берүүчүлөрдүн каржылык абалына терс таасирин тийгизүүдө", – деди "КазМунайГаздын" Мунайсервис департаментинин башчысы Жасулан Балуанов.

21-февралда West Oil Software компаниясы эки айдан ашык убакыттан бери Маңгыстау облусундагы Жетыбай кенинде ишке чыкпай жаткан жумушчуларына кайрылган. Анда компания аларды "мыйзамсыз иш таштоо акциясын 24-февралга чейин токтотууга" чакырган. "Болбосо иш таштоого катышып жаткан бардык жумушчулар менен түзүлгөн эмгек келишимдерин бир тараптуу жокко чыгарууга аргасыз болобуз", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Маңгыстау облусунун Жетыбай айылында West Oil Software мунай компаниясынын 500дөй жумушчусу былтыр 11-декабрда иш таштаган. Алар компанияны "КазМунайГаз" компаниясынын курамына киргизүүнү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөөнү жана жумуштагы колдонулуучу техниканы жаңылоону талап кылууда.

Казакстандын Энергетика министрлиги менен "КазМунайГаз" компаниясы жетибайлыктардын алгачкы эки талабын негизсиз жана аткарылышы мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдиришкен.

Жумушчулар талаптарды аткаруу үчүн бийликтен саясий эрк гана керек болуп жатканын айтышкан.

Сот мунайчылардын бул акциясын мыйзамсыз деп тапкан. Жумушчулар эмгек шартын жакшыртуу талабын ачык айтып чыгууга укуктуу экенин, акциясын тынч жана мыйзам бузбастан өткөрүп жатканын айтышкан. Жумушчулар иш таштагандан бери өздөрүнө жана жакындарына карата кысым болуп жатканына даттанышкан. Алардын айрымдары "Сот мыйзамсыз деп тапкан иш таштоого катышууну улантууга түрткөн аракеттер" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында полицияга чакырылган.

West Oil Software — улуттук "КазМунайГаз" компаниясынын курамына кирген "Маңгыстаумунайгаз" ишканасына транспорттук кызматтарды көрсөткөн мунайсервис компаниясы.

XS
SM
MD
LG