Ссылки доступа

Тажикстанда коррупция жөнүндө жазылган китептин авторлоруна сот өкүмү чыкты


Душанбедеги "Ибн Сино" тажик-иран клиникасынын директору жана "Хаводиси рузгори ман" ("Жашоомдогу окуялар") аттуу чуулуу китептин автору Абдухалил Холикзода 6,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, мындан тышкары Холикзодага китепти басып чыгарууга көмөктөшкөн жазуучу, адабий сынчы Абдукодир Рустам 4,5 жылга соттолсо, "Эр Граф" басма үйүнүн директору Сухроб Ражабзода бир жылга кесилди.

"Жашоомдогу окуялар" китебинин авторлорунун иши боюнча сот процесси 19-январда башталган.

Абдухалил Холикзода менен Абдукодир Рустам былтыр августта кармалган. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Рустамды аталган китептин "редактору" деп атаган. Көп өтпөй Холикзоданын китебин басып чыккан "Эр-Граф" басма үйүнүн башчысы Сухроб Ражабзода да кармалып, китеп өлкөдөгү бардык дүкөндөрдөн сатыктан алынган.

Үчөөнө тең "Улут, аймак жана дин аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча айыптар тагылган. Тажик мыйзамдарында бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Холикзода китебинде Тажикстандагы жемкорлук, бизнес климаттын начардыгы, маданияттын, билим берүүнүн деңгээли төмөндөгөнү жөнүндө жазып, мунун баары үчүн өлкө бийлигин айыптаган.

XS
SM
MD
LG