Ссылки доступа

Казакстанда жубайын өлтүрүүгө шектелген мурдагы министрдин иши сотко өттү


Казакстанда жубайын өлтүрүүгө шектелип жаткан мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу Астана шаардык соту кабарлады.

Экс-министр Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси: "Кыйноо" жана "Өзгөчө ырайымсыздык менен адам өлтүрүү" боюнча айыпталууда.

Мындан тышкары "Кылмышты жашыруу" жана "Кылмыш тууралуу кабар бербөө" беренелери боюнча айыпталып жаткан Бишимбаевдин тууганы, Гастроборбордун директорунун иши да тергелип бүттү.

Экс-министрдин 31 жаштагы аялы мыкаачылык менен ур-токмокко алынгандан кийин каза болгон. 2023-жылы 11-ноябрда шектүү Куандык Бишимбаев эки айга камакка алынган. Астанадагы Гастроборбордун директору да кылмышты жашырган деген шек менен ушул эле мөөнөткө камакка алынган.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы ал коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Кызылордо айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылган экс-министр 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Бишимбаевдин аялынын өлүмү Казакстанды нес кылып, бийликтен зордук-зомбулук үчүн жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар өткөн.

XS
SM
MD
LG