Ссылки доступа

Казакстанда журналист Думан Мухаммедкарим тергөө абагына бараткан жолдо кыйноого кабылганын билдирди


Казакстанда "экстремизмди каржылоого" жана "тыюу салынган уюмдун ишине катышууга" айыпталып жаткан журналист Думан Мухамметкарим Конаев шаарындагы соттон Талдыкоргондогу тергөө абагына бараткан жолдо катаал мамилеге кабылганын билдирди.

Бул тууралуу "Власть" басылмасы анын адвокаты Галым Нурпеисовго шилтеме кылып кабарлады.

Адвокаттын айтымында, 12-февралдагы сот отурумуна Мухамметкаримди жылууланбаган жана жылытылбаган автозакта жеткиришкен. "Ал сотто мунун баарын айтып, кайра башка унаа менен алып кетүүнү өтүнгөн. Бирок соттон кийин аны кайра эле ошол автозакка отургузуп, колун отургучка байлап, люгун ачкан бойдон Талдыкоргонго жеткиришкен. Биринчиден суук болгон, экинчиден шамал уруп турган. Мындай катаал мамиле кыйноо катары каралышы керек", – деди адвокат.

Мухаммедкарим мындай катаал мамилеге жана соттун жабык өтүп жатканына нааразылык катары мык менен өзүнүн колуна жаракат келтирген.

Адвокаттын айтымында, 22-февралдагы соттук угуулардан кийин Конаев шаардык прокуратурасы Мухаммедкаримдин арызын кабыл алып, иш боюнча отурумдар 29-февралга чейин токтотулган.

Өткөн жылдын июнь айынан бери камакта отурган журналист, активист жана Ne Deydi YouTube-каналынын автору Думан Мухамметкаримдин иши боюнча сот процесси 12-февралда башталып, отурумдар жабык өтүүдө. Ага "Тыюу салынган уюмдун ишине аралашуу" жана "Экстремизмди каржылоо" беренелери боюнча айып тагылган. Буга журналисттин бозгундагы банкир Мухтар Аблязовдон алган маеги себеп болгон. Адвокаттын айтымында, видеодо Аблязовдун адвокаты үчүн акча топтолуп жаткан эсептер көрсөтүлгөн.

Мухамметкарим тагылган айыптарды четке кагууда. Эгер журналист бул беренелер боюнча күнөөлүү деп табылса тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG