Маалыматка ылайык, иш таштагандар соода орундарынын ижара акысы март айынан тартып 20-30% кымбаттай турганына нааразылык билдиришти.
Соодагерлер менен жолуккан базардын администрациясы баалардын кымбатташына коммуналдык кызмат акылары көтөрүлгөнү себеп болгонун билдирген.
Телеграм-канал нааразылыкка чыккандарга Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунун өкүлдөрү келип жолукканын, алар соода борборунун жетекчилиги менен сүйлөшүүнү убада кылганын жазды.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча бул маалыматты комментарийлей элек.
Быйыл февралга карата берилген расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын 651 485 жараны чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү - 408 448 адам Орусияда миграцияда.
Бейрасмий маалыматтарда бүгүнкү күндө деле Орусияда Кыргызстандын 1 млн чамалуу жараны жашап, иштеп жүргөнү айтылып келет.