Ссылки доступа

Өзбекстан Түркмөнстандан бир күндө 22,2 млн кВт/саат электр энергиясын импорттоду


25-февралда Өзбекстанда керектөөчүлөргө алгач пландалгандан 5% көп (235,9 млн. кВт/саат) электр энергиясы берилди. Буга байланыштуу өлкө бул күнү Түркмөнстандан 22,2 млн. кВт/саат электр жарыгын импорттоду.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, электр энергиясы эң көп колдонулган сааттарда 600 МВт чейин чектөөлөр киргизилген. Бул газ басымынын азайганына жана электр энергиясына суроо-талаптын бир нече эсеге өскөнүнө байланыштуу болгон. Мекемеден абал турукташканга чейин электр энергиясы эң көп колдонулган сааттарда чектөөлөр дагы уланышы мүмкүн экенин эскертишти.

Ошол эле маалда Өзбекстанда мурдагы күндөргө салыштырмалуу газ колдонуу көлөмү да көбөйүп, 157,2 миллион куб метрге жеткен. 25-февралда "Өзбекмунайгаз" ишканасы өлкөдөгү бардык автогаз толтуруу станцияларына кошумча 1073 тонна бензин жеткирген.

Буга чейин таңкыстыктан улам Өзбекстанда калкка электр энергиясын берүүгө чектөөлөр киргизилгени кабарланган. 18-февралда таңкыстык 6,4 млн. кВт/саатка жетип, электр энергиясы эң көп колдонулган сааттарда 400 МВт чейин чектөөлөр киргизилген.

XS
SM
MD
LG