Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын сайтында жарыяланды.
Polarstar Logistics компаниясынын баш кеңселери Дубайда, Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан. АКШнын Каржы министрлиги бул компания жана анын Ташкенттеги өкүлчүлүгү эмне үчүн санкциялык тизмеге киргизилгенин түшүндүргөн жок.
23-февралда АКШ оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын өлүмүнө жана Украинадагы согуштун эки жылдыгына байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизген.
Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд Вашингтон Орусияга каршы "кыйратуучу" санкциялар пакетин даярдап жатканын билдирген.
АКШнын жаңы санкциялар топтомуна Казакстанда катталган Da Group 22 жана Elem Group, Кыргызстандагы "УКОН" компаниясы да киргизилген.
Казак басылмаларынын маалыматына караганда, Da Group 22 жана Elem Group компаниялары электрондук жана телекоммуникациялык жабдууларды жана тетиктерди дүңүнөн сатуу менен алектенет.
АКШнын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык "УКОН" компаниясы Америкада жасалган учактардын тетиктерин Орусияга жөнөтүү менен алектенген.
Бул Орусияга салынган санкцияларды буйтап өткөнгө көмөктөшкөнү үчүн АКШнын "кара тизмесине" илинген алгачкы кыргызстандык компания эмес. 12-декабрда Вашингтон жарыялаган чектөөлөргө Бишкекте катталган "Вайтмэнн Хандельн Альянс" (Weitmann Handeln Allianz LLC) деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом туш болгон.
Андан мурда АКШ кыргызстандык беш компанияны Орусияга салынган санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөштү деген негизде "кара тизмеге" киргизген.