Ссылки доступа

Исфара шаарындагы спорт аянтчасынын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулмай болду


Тажикстандын Жогорку соту Исфара шаарындагы спорт аянчасынын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берди. Сот калаа администрациясынын пайдасына чечим чыгарып, тургундардын талабын негизсиз деп тапты.

Соттук териштирүү жергиликтүү ишкер Манучехр Валиев 2023-жылдын 1-февралында Исфара шаарынын акиминин уруксаты менен 0,40 гектар аянтка көп кабаттуу эки үй курууга уруксат алгандан кийин башталган.

Бул жер тилкесинде мектептин спорт аянтчасы бар, аны көп жылдар бою жакын жайгашкан бир нече кичирайондун тургундары жана Исфара шаарындагы №2 орто мектептин окуучулары пайдаланып келишкен. Тургундар жергиликтүү бийликтин чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылган, бирок Согд облусунун эки соту жана Жогорку сот арызды канааттандырган жок.

Соттун чечиминде бул аймак расмий түрдө мектептин спорт аянтчасы болуп саналбай турганы, жашоочулар аны убактылуу пайдаланып келгени, "2013-жылдан бери бул жер тилкеге заманбап көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалып жатканы" жазылган.

Жогорку Сот ишкердин пайдасына чечим чыгарганы менен ата-энелер спорт аянтчасын сактап калуу үчүн бардык аракеттерин жумшай турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG