Кыз-келиндерге чоң автобустарды жана электробустарды башкарууга расмий уруксат берилгенден кийин Наргиз Гадаева менен Саодат Шерматова жүргүнчү ташуучу автобустун айдоочусу болуп иштөөнү чечишкен.
Учурда эки аял тең практикалык окуудан өтүүдө.
Мурдараак Өзбекстандын министрлер кабинети аялдарга салмагы 2,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларды же 14төн ашык жүргүнчүсү бар автобустарды башкарууга уруксат берген токтом чыгарганы кабарланган.