Ссылки доступа

Душанбенин тургундары электр жарыгынын өчүрүлүп жатканына даттанууда (видео)


Тажикстандын баш калаасы Душанбе шаарынын тургундары акыркы 10 күндөн бери күн сайын электр энергиясы өчүрүлүп жатканына даттанууда.

Шаардын Фирдавси районунда жашаган тургун соцтүйүндөргө видео жарыялап, көп кабаттуу үйлөрдө күн сайын төрт сааттан электр жарыгы өчүрүлүп жатканына даттанды.

"Тажик эли кандай жашап жатканын көрүп алгыла. Эртеден бери жарык жок. Анан "Тажикстан, алга!" деп кыйкырып коёбуз дагы. Эч жерде электр жарыгы жок. Фирдавси району. Балдар үшүп, ооруп калышты", – деди ал.

Анын айтымында, жылда кышкысын электр жарыгын берүүгө Тажикстандын аймактарында гана чектөөлөр киргизилип келсе, бул жылы жарык борбор шаарда да эч кандай эскертүүсүз эле өчүрүлүп жатат.

Айрым шаар тургундары кооптуу экенин карабастан, батирлерине газ баллондорду алып кирип колдонууга аргасыз болуп жатышса, кээ бирлери үйүн жылытуу үчүн "буржуйка" мештерин жага башташты.

Электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөрдөн улам Душанбенин тургундарынын көбү батирлерин бекитип, убактылуу жер тамда жашаган туугандарыныкына барып же ижарага үй алып жатышат.

"Жарыкты тез-тез өчүрө бергендиктен, балдар үшүп калбасын деп жеке үйдү ижарага алып кеткенбиз. Бир жумадан кийин биздин батирди тоноп кетишкенин угуп, кайра кайтып келдик", – деди шаардын Сино Аноргүл аттуу тургуну.

Бийлик Душанбеде электр жарыгы өчүрүлүп жатканы боюнча комментарий бере элек. 1-февралда Тажикстандын энергетика министри Далер Жума электр жарыгын берүүдөгү чектөөлөрдү "экономикалык өнүгүүдөн улам өлкөдө электр энергиясына болгон суроо-талаптын өскөнү" жана климаттын өзгөрүүсү менен түшүндүргөн.

Бирок айрым тургундар буга ынанбай, электр энергиясынын жетишсиздигинин негизги себеби катары анын чет өлкөлөргө сатылып жатканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG