Ссылки доступа

Бийлик Душанбеде электр жарыгы эмне себептен өчүрүлүп жатканын түшүндүргөн жок


27-февраль, 2024-жыл
27-февраль, 2024-жыл

Душанбе электр тармактары түйүнүнүн нөөмөтчүсү шаардын кичирайондорунда электр жарыгын өчүрүү боюнча жогору жактан көрсөтмө алышканын билдирди.

Расмий түрдө бийлик Душанбеде электр энергиясына чектөө киргизилгенин ырастай элек. Тургундардын айтымында, суук өкүм сүрүп жаткан маалда алар бир нече саат жарыксыз жана жылуулуксуз калууда. Өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына кыйынчылык жаралууда.

Азырынча баш калаадагы энергетикалык чектөө канчага созулары белгисиз. "Барки Точик" энергохолдинги кырдаал боюнча комментарий бере элек.

Мындай кырдаалда айрым тургундар үйлөрүн жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн кооптуу ыкмаларды колдонууга аргасыз болууда.

Бүгүн эле Душанбе шаарында бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү көмүр кычкыл газына ууланып каза болгону кабарланды.

Синоптиктердин айтымында, өлкөдө суук аба ырайы кеминде 4-мартка чейин сакталат.

Электр энергиясынын жетишсиздиги жана чектөөлөр тажикстандыктардын күз-кыш мезгилиндеги негизги көйгөйлөрүнүн бири. Айыл тургундары сентябрь айынан бери чектелүү өлчөмдө электр кубатын алып жатышат. Быйыл бул көйгөй Душанбеде да пайда болду.

Тажикстан суу ресурстарына бай болгонуна карабай, элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси чечиле элек. Бийлик муну жаан-чачындын аздыгы менен түшүндүрсө, айрым тургундар мындай абал коңшу өлкөлөргө электр энергиясын сатуудан улам келип чыгууда деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG