59 жаштагы шаар тургуну колуна "Жашагым келет. I want to live" деп жазылган плакатты кармап, аны "өтө аз пенсияга жан багууга аргасыз экендиги менен" түшүндүрдү.
"Биздин бийлик белгилеген 70 миң теңгелик (155 доллар) жашоо минимуму менен макул эмесмин. Бул акчага жашоого мүмкүн эмес. Биз эптеп эле жан бакпастан жашагыбыз келет. Жөлөкпулдарды, маяналарды жана пенсияны жогорулатууну талап кылам", – деди Утебаев.
Мындан тышкары ал өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымын алып жүргөн борбордук проспект менен жаңы аянттын аталышын өзгөртүүнү талап кылды.
"Назарбаевдин фамилиясы шаардагы аталыштардан алуу керек. Анткени ал Казакстандын эли үчүн эч кандай жакшы нерсе кылган эмес. Уурулук, коррупция жана өз үй-бүлөсүн байытуу менен гана алектенген. Аянтка "Эгемендик" деген аталышы кайтарылсын. Бизге Назарбаевге караганда эгемендик баалуураак", – деди Утебаев.
Ал буга чейин 28-29-февраль күндөрү саясий жана социалдык өзгөрүүлөрдү талап кылып жалгыз пикетке чыгары тууралуу акимчиликке билдирме жөнөткөн. Бирок шаар бийлиги ага акция өткөрүүгө уруксат берген эмес.
Бир канча убакыт өткөндөн кийин Утебаевге өздөрүн акимчиликтин кызматкерибиз деп тааныштырган эки киши барып, бири анын акциясын видеого тартса, экинчиси "мыйзамсыз" пикет өткөрүү үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертип, акцияны токтотууну талап кылды. Утебаев акцияны токтотуудан жана аянттан кетүүдөн баш тартты.