Ссылки доступа

Тажикстандын Улуттук альянсы Душанбени ЖККУга мүчөлүгүн кайра карап чыгууга чакырды


Тажикстандын Улуттук альянсы  Армениянын ЖККУдан чыгуу чечимин кубаттады.

Чет өлкөдөгү оппозициялык топ тажик өкмөтүн Москва Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендигин сыйламайынча, Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы жана Орусиянын таасириндеги башка альянстарга мүчөлүгүн кайра карап чыгууга чакырды.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян France 24 телеканалына берген маегинде Армения ЖККУга мүчөлүгүн токтото турарын билдирген.

Тажик оппозициясы муну “көз карандысыз мамлекет жана улутка татыктуу бийликтин чечими” деп атады.

Тажикстандын Улуттук альянсынын билдирүүсүндө ЖККУ эч качан уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыгына шайкеш иш алып барбаганы, чөлкөмдөгү өлкөлөр эртеби-кечпи Армения менен бирдей жыйынтыкка келери айтылат.

Тажик оппозициячыларынын маалыматы боюнча, Орусиянын көзөмөлүндөгү аскерий альянстар "элдерди басып алуунун жана автократиялык жана коррупциялашкан лидерлерди коргоонун куралы" катары иш алып барышат.

Буга чейин Пашинян Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжал маалында эч кандай аракет көрбөгөнү үчүн Москваны кескин сындап келген. Ал ошондой эле "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун, Армениянын ЖККУга мүчө болушу натыйжасыз экенин” айткан.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Армения жана Тажикстан мүчө. Ал 1992-жылы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG