Уюштуруучулар "Озоди" радиосунун журналисттерине даярдык иштерин видеого тартууга уруксат берген жок. Бирок алар бул боюнча бир нече студент менен сүйлөшүүгө жетишкен.
"Бир жумадан бери эртең мененки саат сегизден түшкө 12ге чейин даярданып жатабыз. Түштөн кийин башка окуу жайлардын студенттери келип репетиция кылышат. Биз бул жакта 20-мартка чейин болобуз. Азыр сыртта суук, бирок келүүгө аргасызбыз. Бул жака келгендерге стипендия убадалашкан", – деди студенттердин бири.
"Репетицияларга келгенибиз үчүн бизди жакшы колдоп жатышат. 300 сомониден стипендия беребиз дешти. Мындан тышкары үч маал бекер тамак берип жатышат. Бул мезгил үчүн жатаканадагы орундар да акысыз болууда. Бардыгы мамлекеттин эсебинен. Даярдык көрүү үчүн келген студенттер сабактардан да бошотулууда", – деди дагы бир студент.
Буга чейин Тажикстандын билим берүү министри Рахим Саидзода студенттер даярдык иштерине сабактардан кийин гана катышып жатканын билдирген.
"Студенттерди репетицияларга сабактан тышкары убактарда гана тартуу жөнүндө министрликтин чечими бар. Сабактар үзгүлтүккө учурабашы керек", – деген министр.
Тажикстанда майрамдарда көптөгөн адамдардын катышуусунда жүрүштөр уюштурулуп, ага көбүнчө студенттер тартылат. Бийлик дүйнөдө коронавирус жайылып жаткан 2020-жылдын март айында да Ноорузга карата даярдыгын токтоткон эмес.