Активист социалдык тармактарда түз эфирге чыгып, полиция бөлүмүндө экенин көрсөттү. Ал полициячылар күч колдонушканын жана камакка алуунун себебин түшүндүрүшпөгөнүн айтты.
"Алар мени күч менен алып келип сабашты. Колумдун баары кан. Полиция кызматкеринин колу да кан..." деди активист түз эфирде. Ошондон кийин байланыш үзүлүп калды.
Достияров кызын бала бакчага алып бара жаткан жеринен кармалган.
Буга чейин Абзал Достияров Конаев шаарында камакка алынган журналист Думан Мухаммедкаримдин сот жараянын чагылдырган.
Полиция азырынча бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.