Маалыматка ылайык, Сыздыков былтыр март айында саясий туткундарды бошотуу талабы менен Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн алдында өткөн нааразылык акцияга "катышканы үчүн" быйыл 1-мартта кармалган.
2-мартта Астана шаардык соту аны "Тынч жыйындар жөнүндө" мыйзамды бузган деп таап, 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарды.
Басылма белгилегендей, бул бийликтин 8-мартта аялдардын укуктарын коргоо боюнча ыктымал акциялардын алдын алуу чарасы болушу мүмкүн.
Сотто Сыздыков мыйзам бузбаганын, акцияны видеого тартып гана кеткенин, аны митинг деп эсептөөгө болбой турганын билдирди. Адвокат Мейржан Доскараев активисттин аракетинде эч кандай административдик укук бузуу жок экенин айтып, соттон процессти токтотууну өтүндү.
Айдар Сыздыков — тынч нааразылык акцияларда бир канча жолу Казакстандагы саясий туткундарды бошотууну талап кылган саясий активист жана укук коргоочу. Ал акыркы жолу өткөн жылы декабрда кармалып, 15 суткага камалган. Анда тарапташтары кармоо учурунда полиция кызматкерлери ага күч колдонушканын билдиришкен.
Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экенин четке кагып келет.