Ссылки доступа

АКШга мыйзамсыз барган 74 өзбекстандык мекенине кайтарылды


3-мартта АКШга мыйзамсыз кеткен 74 өзбек жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу UzReport басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын көбү Америкага Мексика аркылуу барышкан.

Буга чейин АКШнын өкмөтү өлкөгө мыйзамсыз кирген Өзбекстандын 119 жаранын мекенине кайтарганын билдирген.

2021-жылдан 2023-жылга чейин Америка өкмөтү "өзгөчө кызыкчылыгы бар адамдар" деп мүнөздөгөн он миңдеген иммигрант Мексика аркылуу АКШга кирүүгө аракет кылган. Алардын 13 миңден ашыгы Өзбекстандын жарандары болгон.

"Өзгөчө кызыкчылыгы бар адамдар" – бул АКШнын өкмөтү тарабынан өзгөчө көңүл бурууну же байкоону талап кылган субъект катары белгиленген адамдар менен уюмдар. Адатта бул тизмеге өлкөнүн улуттук коопсуздугуна же башка маанилүү кызыкчылыктарына потенциалдуу коркунуч жараткандар киргизилет. Өкмөт аларга байкоо салып же түрдүү чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG