Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Чолпон-Ата шаарынан түндүк-батышты көздөй 35 чакырым аралыкта болду. Ал жерде жер титирөөнүн күчү 5,8 баллга жетти.
Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Ананьево айылдарында, Казакстандын Алматы шаарында 4,5 балл, Балыкчы шаарында 4 балл, Бишкекте, Караколдо, Кумтөр кенинде жана Кажы-Сайда 3,5 балл сезилди.
Силкинүүнүн очогу Казакстандын Алматы шаарынан 37 чакырым, Бишкектен 190 чакырым аралыкта, кыргыз-казак чек арасында болгон.
Кыргызстанда Android платформасындагы смартфондордун колдонуучулары жер титирөө тууралуу билдирүү алышканын кабарлашты. Google'дун эскертүү системасына ылайык, жер титирөөнүн күчү 5,4 баллга жеткен.
23-январга караган түнү Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында беш балл, Бишкекте төрт балл, Ташкентте үч балл болгон.