Ссылки доступа

Кулябдын укук коргоо органдары быйыл басма сөз жыйынын өткөрүүдөн баш тартышты


Быйыл Тажикстандын Куляб аймагындагы укук коргоо органдарынын көбү журналисттер үчүн маалымат жыйындарын өткөрүүдөн баш тартышты.

2011-жылы Тажикстандын президенти кол койгон жарлыкка ылайык, бардык мамлекеттик орандар жылына эки жолудан журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, аткарылган иштер боюнча маалымат берүүгө милдеттүү. Быйыл өлкөдөгү мамлекеттик органдардын басма сөз жыйындары 30-январда башталып, 17-февралда аяктады.

Буга чейинки жылдардан айырмаланып быйыл Куляб аймагындагы Ички иштер министрлигинин, Өрткө каршы кызматтын, Мамлекеттик автоинспекция кызматынын, Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин, Аскердик прокуратуранын жана Маңзатка көзөмөл кылуу агенттигинин жергиликтүү башкармалыктары басма сөз жыйындарын өткөрүшкөн жок.

Ошол эле маалда бул мекемелер милдеттүү түрдө басма сөз жыйындарын өткөрүү боюнча президенттин жарлыгындагы талапты аткарбаганы боюнча эч кандай комментарий беришкен жок.

Аймактагы айрым журналисттер аткаминерлердин басма сөз жыйындарын өткөрүүдөн баш тартуусун алардын сын-пикирден корккондугу менен түшүндүрүп жатышат. ЖМК өкүлдөрүнүн айтымында, чиновниктер журналисттер менен маалымат жыйындарда гана эмес, бетме-бет же телефон аркылуу сүйлөшүүдөн да качышат.

"Аткаминерлер басма сөз жыйынын өткөргөн күндө да түрдүү жолдор менен журналисттердин суроолорунан качууга аракет кылышат. Көбүнчө алар 1 сааттык убакыттын 40-45 мүнөтүндө баяндамаларын окуп, суроолорго жооп берүүгө 10-15 гана мүнөт калтырышат. Мамлекеттик органдар баяндамаларын алдын ала жарыялап, басма сөз жыйындарда жалаң гана журналисттердин суроолоруна жооп берсе жакшы болмок. Ага чейин журналисттер баяндамадагы маалыматтарды анализдеп, суроолорду даярдап келишмек", – деди тажикстандык талдоочу Додарбек Сайдалиев.

Эл аралык уюмдар Тажикстанды сөз эркиндигин чектегени үчүн дайыма сынга алып келишет. Журналисттерди коргоо комитетинин быйыл 4-январда жарыяланган ар жылкы баяндамасында 2022-2023-жылдары Тажикстанда журналисттер менен блогерлерге карата куугунтук жана репрессиялар күчөгөнү белгиленген. "Бул Тажикстандагы ЖМКлар үчүн эң оор мезгил болуп калды. Өлкө бул көрсөткүч боюнча дагы деле Борбор Азияда алгачкы орундарда турат", – деп жазылган баяндамада.

XS
SM
MD
LG