Ссылки доступа

Өзбек мигранттары АКШ бийлигин басмырлоого айыптоодо


АКШдагы башпаанек сурап кайрылгандардын арыздарына анализ кылган коммерциялык эмес (TRAC) уюмдун маалыматы боюнча, учурда кеминде 40 миңдей борбор азиялык жаран сот чечимин күтүүдө.

Алардын ичинен 17 миңи Өзбекстандын, 7 миңи Кыргызстандын, 3 миңи Тажикстандын, 2,7 миңи Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жарандары.

Өткөн аптада Мексика аркылуу Америкага мыйзамсыз барып, иммиграция борборлорунда кармалган Өзбекстандын 35 жараны АКШ өкмөтүнүн басмырлоо саясатын айыптап, сотко кайрылганы белгилүү болгон.

3-мартта АКШга мыйзамсыз кирген өзбек жарандарынын дагы бир тобу, 74 адам Өзбекстанга кайтарылган.

2023-жылы 50 миңден ашуун борбор азиялык АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы америкалык сенатор Стив Дэйнске шилтеме жасоо менен билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, америка бийлиги мыйзамсыз иммигранттардын агымына жана алар АКШнын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенине тынчсызданууда.

Былтыр август айында CNN жана Reuters өзбекстандык мигранттардын тобу "ИМ" террордук тобу менен байланышы бар аткезчинин жардамы менен АКШга киргенин кабарлашкан.

2023-жылы ноябрда АКШнын Ташкенттеги элчилиги Кошмо Штаттар мындан ары өзбекстандыктардын Мексика аркылуу өлкөгө мыйзамсыз киришине уруксат бербей турганын билдирген. Алар иммиграция маселеси чечилгенге чейин камакта болору белгиленген.

АКШнын Эл каттоо бюросунун акыркы маалыматы боюнча, өлкөдө жашаган өзбек жарандарынын жалпы саны 62 миң адамды түзөт. Анын ичинен 2 миңден ашууну бул өлкөнүн жарандыгын алган.

Өзбек жарандары негизинен Нью-Йорк, Сан-Антонио, Хьюстон, Филадельфия жана Нью-Жерсиде жашашат. 2023-жылы Өзбекстан эң көп грин-карта сураган 10 өлкөнүн катарына кирген.

XS
SM
MD
LG