Ссылки доступа

Алматыда майдын аягына чейин өзгөчө кырдаалдар жөнүндө ыкчам кабар берүү системасын киргизүү пландалууда


Алматыда май айынын аягына чейин өзгөчө кырдаалдар жөнүндө мобилдик түзмөктөр аркылуу ыкчам кабар берүү системасын пилоттук режимде киргизүү пландалууда. Бул тууралуу калаа башчысы Ерболат Досаев өкмөттүн жыйынында билдирди.

"Алматы шаардык акимчилиги Өзгөчө кырдаалдар жана Санариптик өнүгүү министрликтери менен биргеликте Cell Broadcast технологиясын колдонуп, шаар тургундарына өзгөчө кырдаалдар жөнүндө ыкчам кабар берүү системасын пилоттук режимде киргизүүнү пландап жатат. Бул үчүн 475 миллион теңге каралууда", – деди Досаев.

Анын айтымында, кадимки SMS-билдирүүдөн айырмаланып, Cell Вroadcast технологиясы жеткиликтүү абоненттердин бардыгына тез жана массалык түрдө кабар жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

4-мартта Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым түндүк-батышта күчү 5,8 баллды түзгөн жер силкинүү катталып, ал Алматыда 5 балл болуп сезилген. Үйлөрдүн чатырына орнотулган эскертүү системасы жер титирөөдөн бир мүнөттөн кийин иштеген. Шаар тургундары SMS-билдирүү бир сааттан кийин гана келгенине даттанышкан.

Ага чейин 23-январга караган түнү Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында беш балл, Бишкекте төрт балл, Ташкентте үч балл болгон.

XS
SM
MD
LG