Мекеменин билдирүүсүндө Хайдаровдун өлүмүнүн себеби тууралуу маалымат кийинчерээк берилери жазылган.
"Дарье" басылмасы өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиёсовго таянып, мурдагы акимдин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгонун жазды.
2022-жылы декабрда Фергана облустук соту Бахром Хайдаровду "Акча кымыруу", "Кызматтык жасалмачылык" жана "Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары экс-аким 7,6 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилип, үч жыл жооптуу кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынган.
Бахром Хайдаров 1972-жылы Кыргызстандын Ош шаарында төрөлгөн. 1995-жылы Анжияндагы Экономика жана башкаруу институтун сырттын өкүп бүтүргөн. 1998-жылы Өзбекстандын Банк-каржы академиясын аяктаган. Анжиян шаарынын башчысы кызматына 2019-жылы августта дайындалган.