Ссылки доступа

Карагандылык укук коргоочунун үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүрдү


Карагандылык укук коргоочу, "Евразия укук коргоо уюмунун" жетекчиси Жаслан Айтмаганбетовдун үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүрүп, өзүнө "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, тинтүү маалында полиция кызматкерлери анын телефондорун, ноутбугун жана бир нече документин алып кетишкен.

"Үйүмдөгү, кеңседеги жана кызматкеримдикиндеги тинтүү иштерине 30га жакын полиция кызматкери катышты. Алар эмнени алып кетүүгө келишкенин сурадым. "Флешка, уюлдук телефондор жана ноутбук" деп жооп билдиришти. Мен баарын бердим. Бирок алар тинтүүнү улантып, диний китептерди да алышты. Арасында Куран жана мурдагы кызматкерим калтырып кеткен кичинекей Библия китеби да бар. Кеңседе Палестинанын элчилиги берген ыраазычылык кат да бар эле, аны да алып кетишти", – деди Айтмаганбетов.

Анын айтымында, полиция кызматкерлери тинтүүнү 4-март күнү кечинде дароо үч даректе бир убакта баштаган.

Тинтүү жүргүзүү тууралуу токтомдорго ылайык, былтыр ноябрда Караганды облустук полиция департаменти "Топ адамдын алдамчылыгы" беренеси боюнча сотко чейинки тергөө ишин баштаган.

"Көрсө кылмыш ишине көп балалуу жубайым 1-сентябрдын алдында беш балага 95 миң теңге өлчөмүндө жөлөк пул алганы себеп болуптур. Ал көрсөтүлгөн суммага мектептке керектүү окуу куралдарын алып, чектерин көрсөткөн. Эсептегенде каражатты туура эмес алган деген жыйынтыкка келишкен окшойт. Бирок алар эсептегендей акчаны мыйзамсыз алган күндө да кылмыш иши козголбой, жарандык-укуктук мамилелердин алкагында каралышы керек болчу", – деди Айтмаганбетов.

Укук коргоочу бул тинтүүнү коомдук ишмердүүлүгү үчүн басым көрсөтүү катары баалап жатканын кошумчалады. "Акыркы айларда башка маселелер менен катар дин тармагындагы аша чаап кеткен учурлар жөнүндө да айтып жүргөм. Азыр соттордо диний үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоп жатам", – деди ал.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары бул боюнча комментарий берүү өтүнүчү менен Караганды облустук полиция департаментине кайрылышкан. Ал жактан маалымат кийинчерээк берилерине убадалап, бирок макала жарыяланганга чейин мекемеден маалымат келген эмес.

Белгилүү карагандылык укук коргоочу жана юрист Жаслан Айтмаганбетов буга чейин белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болуп жатканын бир нече жолу билдирген. Анын автоунаасынын дөңгөлөгүн жарып, Караганды, Астана жана Алматы шаарларындагы укук коргоочулук боюнча сабактарын үзгүлтүккө учуратып, интернетке үй-бүлөсүнүн жеке маалыматтарын жана аны каралаган видеолорду жарыялашкан. Укук коргоочу бул учурлар боюнча полицияга, прокуратурага жана Улуттук коопсуздук комитетине кайрылып, бирок күнөөлүүлөрдү жазага тарттыра алган эмес.

Айтмаганбетов ага карата басым 2023-жылы мартта, ал парламент депутаттыгына бир мандаттуу огругдан талапкерлигин койгондон кийин күчөгөнүн билдирүүдө. Анда шайлоого бир нече күн калганда "үгүт иштерин эрте баштаган" деген жүйө менен анын аты-жөнү талапкерлердин тизмесинен алынган. Ал бул чечим боюнча сотко кайрылып, бирок жеңилип калган.

XS
SM
MD
LG