Ссылки доступа

ТАСС: Казакстан Өзбекстанга орус газынын транзитин кескин көбөйтүүнү пландоодо


5-мартта ТАСС агенттиги Казакстан 2026-жылдан тарта Өзбекстанга орус газын жеткирүүнү 11 миллиард куб метрге чейин көбөйтүүнү пландап жатканын кабарлады.

Буга чейин расмий Ташкент Орусиядан Казакстан аркылуу жылына үч миллиард куб метр газ жеткирилерин билдирген.

Өзбекстандын инвестициялык программасында Орусиядан жаратылыш газын импорттоону көбөйтүү максатында магистралдык газ системасын модернизациялоо пландалып жатканы белгиленген.

Өзбекстан 2023-жылдын октябрында Казакстан аймагы аркылуу орус газын импорттой баштаган.

5-мартта "Оздолик" радиосу өзбек тилинде "Путиндин бир колунан экинчи колуна". Газли газ кампасы Фозиловго өттү” деген жаңы журналисттик иликтөөсүн жарыялаган.

Иликтөөдө Өзбекстандын энергетика тармагынын "падышасы" аталган ишкер Бахтиер Фазилов өлкөнүн газ транспорт системасынын "жүрөгү" саналган Газли газ кампасын басып алганы айтылат.

"Украинадагы согуш башталгандан кийин пайда болгон жаңы геосаясий реалдуулукта Орусия газ куурлары өткөн Казакстан жана Өзбекстан менен "Газ биримдиги" деген жашыруун келишимге кол коюп, Өзбекстанга 2,8 млрд. куб метр газ импорттой турганын жарыялап, бул газ куурларын реверс (тескери) режиминде ишке киргизген. Өзбекстан өкмөтү 2023-жылдын 7-октябрында – Путиндин туулган күнүндө старт алган бул келишимден кийин газ канча көлөмдө жана кандай баада ташылып жатканы тууралуу эч кандай маалымат берген жок", — деп айтылат "Озодликтин" иликтөөсүндө.

Мындан бир жыл мурда "Озодлик" дагы бир иликтөө жарыялап, анда орусиялык жана өзбекстандык саясий инсайдерлер Өзбекстандын энергетика тармагын кантип көзөмөлдөп жатканын ачыктаган.

XS
SM
MD
LG