Ссылки доступа

Өзбек-тажик чек арасында маңзат аткезчилигине көзөмөл күчөтүлдү (видео)


Почему усилены проверки на границе с Узбекистаном?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00

Тажикстандын Чек ара кызматы өзбек-тажик чек арасындагы өткөрмө-бекеттерде маңзат алып өтүүгө каршы чараларды күчөттү. Бул тууралуу Согд облусунун Бажы башкармалыгынын жетекчиси Зафар Махмадиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы декабрдын аягында эки өлкөнүн ортосундагы "Фотехобод" бекетинде жүк унаасы менен Coca-Cola суусундугунун ордуна 71 килограмм героин алып өтүүгө аракет кылган тургун кармалган.

"Биз аны өткөрмө-бекетке чейин аңдып барып, текшерүүгө алдык. Кызматкерлер үч күн атайын иттер менен автоунаадан маңзат издеп, акыркы таап чыгышкан", – деди Махмадиев.

Анын айтымында, бул иш боюнча прокуратуранын кызматкерлери тергөө жүргүзгөн. Бирок анын жыйынтыгы боюнча расмий маалымат жарыяланган эмес.

2023-жылы августта Тажикстандын "Фетохобод" бекетиндеги текшерүүдөн өткөндөн кийин Өзбекстандын "Ойбек" чек ара бекетинде 55 килограмм маңзат алып өтүүгө аракет кылган автоунаа кармалган. Бул боюнча комментарий берген Зафар Махмадиев "дүйнөнүн бардык жерлеринде мыйзамсыз маңзат соодасы" бар экенин айтты.

"Ал агымды токтотуу мүмкүн эмес. Автоунаанын ичинде маңзат болуп, аны иттер таба албаса, адамдар кантип табат? Бул окуяга байланыштуу биздин эки кызматкерге кылмыш иши козголуп, иштен алынган", – деди Махмадиев.

Өзбек-тажик чек арасында көзөмөл күчөтүлгөнүн Маңзатка каршы күрөшүү кызматынын Согд облусундагы башкармалыгынын башчысы Сафарали Олимзода да ырастады.

"Ооба, Өзбекстанда маңзат алып өтүүгө аракет кылгандар кармалууда. Буга байланыштуу биз көзөмөлдү күчөтүп, кинологдордун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен автоунааларды кылдат текшере баштадык", – деди Олимзода.

Буга чейин өзбек бажычылары Тажикстандан келаткан автоунаалардан маңзат тапкан учурлар бир нече жолу катталып, өзбек тарап текшерүүлөрдү күчөткөнү кабарланган. Өз кезегинде бул чек арадан өтүүнү каалаган жарандардын узун кезектерин жараткан.

XS
SM
MD
LG