Ссылки доступа

Тажикстанда иске ууланып бир үйдөн үч киши каза болду


Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети билдиргендей, кайгылуу окуя 5-мартка караган түнү Гиссардын Турушбог айылында болгон.

Окуянын чоо-жайы белгисиз.

"Өзгөчө кырдаалдар комитети каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, калкка дагы бир жолу кайрылып, бардык коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бир нече күн мурун Душанбе шаарында иске ууланып, ата-эне төрт баласы менен каза болгон.

Тажикстан жашоочулары жыл сайын күз-кыш мезгилинде электр кубатына киргизилген чектөөлөрдөн улам үйлөрүн жылытуу үчүн көмүр жагууга аргасыз болушат.

XS
SM
MD
LG