Ссылки доступа

Ибраев электр энергиясына чектөө киргенин билдирди


Токтогул суу сактагычындагы суунун азаюусуна жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегаттын иши токтогонуна байланыштуу, Кыргызстанда электр энергиясын берүү 5-марттан тарта чектеле баштады.

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 6-мартта Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтуусунда жергиликтүү бийликтер менен чогуу өлкөнүн бардык аймактарында электр энергиясын өчүрүү графиги макулдашылып, түзүлгөн.

"Мына биздин колубузда Нарын менен Ош облусунун графиги турат. Чектөөлөр болору тууралуу 1-марттан тартып эле медиа каражаттарынан айтып келебиз. "Мой свет" деген мобилдик тиркеме аркылуу да кабарлап жатабыз. 300 мегаваттык чектөө ачык эле айтайын, электр энергиясын колдонуу күч алган сааттарда киргизилет. Муну азыр жасабасак, жетишпей калабыз", - деди министр.

Депутат Дастан Бекешев электр жарыгы кайсы аймакта, саат канчада өчүрүлөрү тууралуу маалыматты ачык жарыялоону талап кылды.

"Элге чыгаргыла да. Адамдар мэрияга же акимчиликке график сурап барбайт да. Эл билиши керек. Азыр адамдар ТВ көрбөйт, радио укпайт. Мага Бишкектин графигин бергилечи, өзүм эле чыгарайын", - деди Бекешев.

Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөнкү чекке жакындаганын, ушундан улам 5-марттан тарта электр энергиясын иштеп чыгуу 290 мегаваттка азаярын 4-мартта журналисттерге билдирген.

5-марттан тарта жер-жерлерде маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлө баштаганы социалдык тармактарда жазылууда.

Токтогул суу сактагычында учурда 7,5 млрд метр куб суу бар. Адистердин белгилөөсүндө суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтойт.

XS
SM
MD
LG