Ага ылайык, бул тыюу 2024-жылдын сентябрь айынан тарта иштей баштайт.
Билдирүүдө сабак учурунда смартфон колдонгон студенттер үчүн кандай жаза каралганы жазылган эмес.
Окуу жайдын жетекчилиги смартфондор билим берүү процессине тоскоолдук кыларын билдирип, ата-энелерден балдарын сабакка смартфонсуз жөнөтүүнү өтүндү.
Педагогикалык университеттин бул чечими айрым интернет колдонуучулардын сынына кабылды.