7-мартта ФСБ "Москвадагы синагогага кол салуу уюштурууну даярдаган" деп шектелген эки казак жараны Калуга облусунда өлтүрүлгөнүн билдирген. Алар дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө террорчу деп таанылган “Ислам мамлекети” уюмунун ооган канатынын мүчөлөрү экени айтылган. Шектүүлөр кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнү маалымдалган.
"Астра" басылмасы атын атагысы келбеген булактарга таянып, шектүүлөр менен атайын күчтөрдүн ортосунда атышуу Коряково айылында болгонун кабарлады. Журналисттер каза болгондор 35 жана 32 жашта экенин белгилеп, алардын ысымдарын да аташкан.
7-мартта АКШнын Орусиядагы элчилиги Москвада жакынкы эки күндүн ичинде террордук чабуул коркунучу өтө жогору болорун эскерткен. 8-мартта Батыштын бир канча өлкөлөрү жана Түштүк Корея да ушундай эскертүү тараткан.