Ссылки доступа

АКШда аялын бычактаган өзбекстандыкты полициячылар атып өлтүрштү


Нью-Йоркто (АКШ) аялын бычактаган Өзбекстандын 46 жаштагы жаранын полиция атып өлтүрдү. Бул тууралуу New York Post гезити жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Квинс районунда Эл аралык аялдар күнүн майрамдоо учурунда болгон. Жубайлар Жамшид Нематов менен Амира Нематованын ортосунда чыккан чыр трагедия менен аяктаган.

Жаңжал учурунда күйөөсү аялына бычак сайып, оор жарадар кылган. Окуя болгон жерге Нью-Йорктун полиция кызматкерлери келип, адамдан бычакты таштоону талап кылышкан; жоопту күтпөстөн ок чыгарышкан. Натыйжада Жамшид Нематов мерт болгон.

Жабырлануучуга операция жасалган, ага күйөөсүнүн өлүмү тууралуу кабарлашкан жок.

Өзбекстандык жубайлардын төрт баласы бар.

Үй-бүлөнүн жакындарынын бири маркум психикалык жактан жабыркаганын билдирди. Коңшулары бул үй-бүлөдө буга чейин чыр-чатак байкашпаганын кошумчалашат.

XS
SM
MD
LG