Ссылки доступа

"Группа 24" уюмунун лидери Сухроб Зафар Түркияда дайынсыз жоголгону кабарланды


Сухроб Зафар
Сухроб Зафар

Тажикстанда оппозиция "Группа 24" уюмунун  лидери Сухроб Зафардын дайынсыз жоголгонун жарыялады. Алардын айтымында, Зафар Түркияда болгон жана акыркы эки күндөн бери анын кайда экени тууралуу эч нерсе билишпейт.

Бул акыркы бир айда Түркияда "Группа 24" уюмунун мүчөсү жоголгон экинчи окуя. Февраль айында уюмдун өкүлдөрү Стамбулда жүргөн 39 жаштагы Насимжон Шарифов жоголуп кеткенин кабарлашкан. Азырынча анын кайда экени тууралуу эч нерсе белгисиз.

Оппозиция өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө акыркы жылдары Түркияда жүргөн Тажикстанда тыюу салынган уюмдун лидери тынымсыз коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып, "жакында өлтүрүлөсүң" же "Тажикстанга жөнөтүлөсүң" деген сыяктуу билдирүүлөрдү алып турганы айтылат.

Бул маалыматты башка булактардан текшерүү азырынча мүмкүн эмес.

Сухроб Зафар 2014-жылы Тажикстандан Түркияга көчүп келген. Ал жакта оппозициячы көп жолу кармалган, бирок ар биринде бошотулган. Анын шериктери бул жолу ал уурдалган болушу мүмкүн деп шектенишүүдө.

“Группа 24” уюмун оппозициялык ишкер Умарали Кувватов (2015-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн) түзгөн. Уюм 2014-жылы Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен “экстремисттик” деп таанылган. Бул уюмга мүчө болгондугу үчүн ондогон адамдар соттолуп, түрмөгө кесилген.

XS
SM
MD
LG