Соттун чечимине ылайык, 1998-жылдагы жалпы мунапысты эске алуу менен Салиховдун камактагы мөөнөтү 12 жылдан 8 жылга төмөндөтүлдү. Адвокат айыпталуучу бошотулушу керек деп эсептөөдө.
Салиховго карата өкүм ушул жылдын февраль айында чыккан. Бохтар шаардык соту аны жарандык согуш маалында 22 кишини өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыраткан. Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, Салихов 10 жоочу менен бирге 1992-жылы күзүндө Хуросон районунда бир үй-бүлөнүн 22 мүчөсүн өлтүрүүгө катышкан. Андан соң алардын сөөктөрүн өрттөшкөн. Үй-бүлөнүн дагы эки мүчөсү кыргындан аман калышкан. Салихов өзү сотто чындап эле бул кылмышка катышканын, бирок жеке өзү эч кимди өлтүрбөгөнүн айткан.
Хатлон облусунун прокурору Аваз Назарзода Тажикстандын Жогорку сотуна өкүмдү кайра карап, Салиховду мындан да узак мөөнөткө эркинен ажыратууну өтүндү. Ал жазаны "жеңил" жана "жасаган кылмышына шайкеш келбейт" деп атады.
Салихов 2023-жылы июлда Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалып, Душанбеге экстрадицияланган. Андан бери тажик бийлиги бул иш боюнча эч кандай маалымат берген эмес.