Маалыматка караганда, Өзбекстанда 35 жаштагы Шахбоз Шодиевге "Алдамчылык", "Каражатты өзүнө ыйгарып алуу", Расмий документтерди жасалмалоо" жана "Жасалма документтерди атайылап колдонуу", 27 жаштагы Шахбоз Сатимбоевге "Алдамчылык", "Паспортту жана башка маанилүү документтерди мыйзамсыз алуу" беренелери боюнча айыптар тагылган.
Шектүүлөр Азербайжанда 2023-жылы кармалып, камакка алынган. Бир катар эл аралык документтерге ылайык аларды мекенине экстрадициялоо чечими кабыл алынган.