Ссылки доступа

Путинди камакка алууга ордер берген Томоко Аканэ Эл аралык кылмыш сотунун төрайымы болуп шайланды


Эл аралык кылмыш сотунун төрайымы кызматына Томоко Аканэ шайланды. Анын орун басарлары болуп Розарио Сальваторе менен Рейн Алапини-Гансу тандалды.

Эл аралык кылмыш сотунун сайтындагы маалыматка ылайык, президиумдун жаңы курамы үч жылга шайланды. Президиум соттун стратегиялык багытын камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Эл аралык кылмыш сотунун негизги келишими эсептелген Рим статутуна ылайык, президиум соттун ишин (прокурордун ишмердүүлүгүнөн тышкары) туура башкаруу үчүн жооп берет. Мындан тышкары ал Эл аралык кылмыш сотунун алкагында мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу тууралуу келишимдерди түзөт.

Томоко Аканэ, Розарио Сальваторе жана Серхио Херардо Угальде Годинеса 2023-жылы мартта Орусиянын президенти Владимир Путин менен балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер беришкен. Аларга Украинанын оккупацияланган аймактарындагы балдарды Орусияга мажбурлап алып кетүүгө байланыштуу айып коюлган. "Бул кылмыш үчүн Орусиянын президенти жеке өзү жоопкерчилик тартат деп айтууга акылга сыярлык негиздер бар", – деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

2023-жылы мартта Орусиянын Тергөө комитети Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Ханга, судьялар Аканэге, Сальваторго жана Годинесага кылмыш ишин козгоп, кийин аларга издөө жарыялаган.

XS
SM
MD
LG