Ссылки доступа

Казак бийлиги Маңгыстау облусундагы кенден абага "таза метан" бөлүнүп чыкпаганын билдирди


Казакстандын экология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Жомарт Алиев Маңгыстау облусундагы "Каратурун" кенинде метандын абага бөлүнүп чыгышы боюнча комментарий берди.

Ал абага таза метан чыкканы тууралуу билдирүүлөр "туура эмес" экенин билдирди.

"Атмосферага таза метан бөлүнүп чыкпаганын белгилегим келет. Анткени метандын өзү өтө уулуу газ. Азыр айрым басылмалар абага ири өлчөмдө таза метан чыкканын жазып жатышат. Бирок иш жүзүндө андай болгон эмес. Авариядан кийин чыккан газ аралашмасы өрттөлгөн. Коопсуздук техникасында ошондой чара каралган. Бүгүнкү күндө аталган скважинадагы плансыз текшерүүлөр аяктап, аны иштеткен компанияга айып пул салынды", – деди Алиев.

Казакстан метандын абага бөлүнүп чыгуусун азайтууга багытталган Метан боюнча глобалдык демилгенин (Global Methane Initiative) катышуучусу болуп эсептелет.

Маңгыстау облусундагы "Каратурун" кенинде абага ири өлчөмдө метан бөлүнүп чыгып жатканын алгач Батыш өлкөлөрүнүн геоаналитикалык жана изилдөөчү институттары аныктап чыгышкан. "Би-Би-Синин" маалыматына караганда, окумуштуулар спутниктен тартылган сүрөттөрдү изилдеп чыгып, өткөн жылы июндан декабрга чейин скважинада метандын ири концентрациясы 115 жолу байкалганын, жалпысынан 127 миң тонна метан абага чыгып кеткенин жазган.

2023-жылдын 9-июнунда геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшүндө газдан өрт тутанып, абага метан жайыла баштаган. 25-декабрда "Каратурун" кенине ээлик кылган "Бузачи Нефть" компаниясы андагы өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирген.

АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин парник газдары боюнча баяндамасына ылайык, 127 миң тонна метандын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири бензин менен иштеген 717 миң автоунаанын бир жылда келтирген зыянына барабар.

XS
SM
MD
LG